Радио

Үч министрликтин документтик базасы бириктирилди

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана оптималдаштыруу секторунун башчысы Айжан Токтосунова эми өлкөдө төрөлгөн ар бир бала каттоого алынарын айтты.
Sputnik
Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Эмгек, социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлигинин документтик базасы бириктирилди. Жыйынтыгында үч ведомство үчүн бири-бириндеги маалыматтар жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Айжан Токтосунова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бирдиктүү система ушул жылдан тарта иштей баштады.
"Биздин өзүбүздүн IT-адистерибиз иштеп чыккан программа аркылуу эми бардык ымыркайлар төрөлгөндө эле каттоого алынып, идентификациялык номер берилет. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин базасы өзүнчө, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиники жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин базасы башка-башка болгондуктан мындай мүмкүнчүлүк жок болчу. Анын айынан өлкөдө төрөлгөн балдардын 7-10 пайызы каттоого алынбай келген. Бул мүчүлүштүктөрдү жоюп, азыркы учурда биз төрөлгөн ымыркайды каттоого аларыбыз менен ошол үй-бүлөдөгү андан улуу балдарынын да документтери жок учурлар чыкса, дароо документ берип жатабыз. Биздин жаңы кирген система БУУнун абройлуу сыйлыгына ээ болду", — деди Токтосунова.
Ал ымыркайга 60 календардык күндүн ичинде идентификация берүү системасы азырынча өлкө ичинде гана ишке ашарын, башка мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктар колдоно албастыгын кошумчалады.
Эске салсак, аталган долбоор БУУнун SDG Digital Game Changers сынагынын жыйынтыгы боюнча 20 мыкты демилгенин катарына кирип, өз категориясында 1-орунду ээлеген.