28-сентябрга карата аба ырайы

28-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Ишембиде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас жергесинде +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +11...+16 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +16...+18, Ош шаарында +23...+25 градус жылуу болот.
Пресс-борбор
"Росатом" Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга катышуусу мүмкүн