Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
"Росатом" Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга катышуусу мүмкүнУлуттук банк онлайн-насыя берүүдө "ойлонуу мөөнөтүн" белгилөөнү сунуштадыКамчыбек Ташиев Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушуна капсула салдыалдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Тамчыда беш жылдыздуу "Хан-Теңири" мейманканасынын курулушуна капсула салды. Анын айтымында, инвестиция көлөмү 160 миллион долларды түзөт. Минкаб төрагасынын орун басары саясий жана экономикалык туруктуулук, тартип орнотуунун жана коррупцияга каршы күрөштүн аркасында өлкөгө ири инвесторлор келип жатканын белгиледи."Мамлекетти ороп, чырмап алган уюшкан кылмыштуу топтор, мамлекеттик кызмат аркылуу байыган, чөнтөгүн ойлогон аткаминерлер жок болду", — деген УКМК төрагасы. Ташиев инвесторлор жакында Жалал-Абад облусуна да барарын айтып, ал жакта эл аралык аэропорттун жана 400 миллион долларга мунайды кайра иштеткен заводдун курулушу башталарын кошумчалады.
"Росатом" Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга катышуусу мүмкүн. Россиялык корпорациянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов компания арыз бергенин, тендердин жыйынтыгы жакында белгилүү болорун айтты.Константинов биздин маалымат борбордо өткөн брифингде азырынча кеп эки чоң кесилишке камера коюу тууралуу болуп жатканын, кийин "Росатом" башка жерлерге да коюп калышы мүмкүн экенин белгилеген.
Улуттук банк аралыктан насыя берүүдө акчаны которуу мөөнөтүн аныктоону сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Чара алдамчылар менен күрөшүү максатында көрүлүүдө. Банктар үчүн төмөнкүдөй мөөнөт каралууда: 50 миң сомго чейин насыя алууда — 3 саат убакыт өтүшү керек; 100 миң сомго чейин — 6 саат; 100 миң сомдон өйдө — 24 саат. Микрофинансылык уюмдар үчүн: 15 миң сомго чейин насыя алууда — 3 саат убакыт өтүшү керек; 15 миң сомдон жогору — 24 саат. Ошондой эле финансылык мекеменин кызматкери белгиленген убакыттан кийин кардарга телефон чалып кайрылууну тастыкташы керектиги белгиленген.
Ветеринардык эрежелерди бузгандар үчүн жаза киргизген мыйзам долбоору биринчи окуудан кабыл алынды. Документ министрлер кабинети тарабынан демилгеленип, өлкө аймагында эпизоотиялык абалды, тамак-аш коопсуздугун жана айыл чарба жаатындагы мыйзамдардын талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбооруна ылайык, малдын жугуштуу ылаңдарын алдын алуу жана жоюу, аларды кармоо, ташуу, айдап өтүү талаптарын, өлүгүн көмүү, жок кылуу боюнча жана башка ветеринардык-санитардык эрежелерди бузгандарга жеке тараптарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сомго чейин айып салынат. Ушундай эле айыптар Мамлекеттик токой фондунда дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу же мал жаюу үчүн көрсөтүлгөн.Ал эми жаныбарлардын карантини боюнча чектөөлөр бузулса 7 500 сомдон 23 миң сомго чейин айып каралган. Мындан тышкары, жаныбарлардан алынуучу азыктарга байланыштуу санитардык талаптар бузулса 12 500 сомдон баштап кайсы эреже бузулганына жараша 60 миң сомго чейинки айыптар сунушталган. Мыйзамда каралган эрежелер жыл ичинде кайрадан бузулса айыптын өлчөмү эки эсеге чейин жогорулатылышы мүмкүн экени белгиленди.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 84 сом 20 тыйынга 1 евро 94 сом 18 тыйынга 1 рубль 90 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ28-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эрте менен айрым жерлерде туман түшөт. 28-сентябрь, ишембиде күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас жергесинде +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +11...+16 градус жылуу болот. Күндүн табы Бишкекте +16...+18 ,Ош шаарында +23...+25 градус жылуу болот.