КМШ балдарынын Дельфи оюндары — жаш таланттар борбордо чогулат

Sputnik
30-сентябрдан 5-октябрга чейин Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин балдары үчүн ачык Дельфи оюндары өтөт. Оюндарга КМШ өлкөлөрүнүн 7 жаштан 17 жашка чейинки жаш таланттары катышат. Сынактын программасына фортепиано, скрипка, классикалык гитара, көркөм өнөр, эстрадалык ырдоо, элдик бий, элдик ыр, ди-джей номинациялары кирет. Фестивалдын программасы элдик аспаптар, көркөм кол өнөрчүлүк жана жаңдоо тилиндеги ырлар номинацияларын камтыйт.
Катышуучулар эки тур менен таймашат, ал эми маданият, билим берүү жана илимдин көрүнүктүү ишмерлеринен турган калыстар тобу алардын аткаруусуна баа беришерин Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаев маалымдады.