Бишкекте эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтөт — бул жолу чогулган каражат кайда жумшалат?

Sputnik
29-сентябрда Бишкекте кезектеги Snow Leopard Run эл аралык жарым марафону өтөт. Ак илбирсти коргоого арналган мындай иш-чараны Nomad Sport уюму быйыл бешинчи жыл уюштурууда. Эң алгач 2019-жылы өткөрүлгөн. Кайрымдуулук марафонуна бул жолу төрт миңден ашуун адам катышары күтүлүүдө. Анын 500ү үчттөн 13 жашка чейинки балдар. Катышуучулар 21, 14, 5 чарчы метрге чуркашат. Марафондун катышуучуларынан түшкөн каражат ар кандай долбоорлорго жумшалат.
Бул жылы токойчуларга экипировка сатып берүү пландалып жатканын Nomad Sport коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Айгерим Абакирова маалымдады. Мурдагы жылдары чогулган каражатка фотокапкан жана токойчуларга автоунаа алышканы кошумчаланды.