Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Улуттук банк онлайн-насыя берүүдө "ойлонуу мөөнөтүн" белгилөөнү сунуштадыОктябрдын башында Бишкекте Дельфи оюндары өтөтЖККУнун ТИМ башчылары БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын алкагында жолугуштуалдыда кененирээкТышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 26-сентябрь күнү БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында ЖККУ мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын жумушчу жыйынына катышты. Бул тууралуу аталган ведомство билдирди. Маалыматта жыйын Казакстандын төрагалыгы менен өткөнү айтылат. "Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУга мүчө мамлекеттердин БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагындагы артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууда өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду", — деп жазылган кабарда. Мындан тышкары, жыйында аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, ошондой эле ЖККУнун уставдык органдарынын алдыдагы жыйындарына даярдыктын жүрүшү талкууланган.
Улуттук банк аралыктан насыя берүүдө акчаны которуу мөөнөтүн аныктоону сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Чара алдамчылар менен күрөшүү максатында көрүлүүдө. Сунушка ылайык, насыя каттоого тапшырык түшкөндөн баштап акчаны которууга чейин мөөнөт өтүшү керек. Банктар үчүн төмөнкүдөй мөөнөт каралууда: 50 миң сомго чейин насыя алууда — 3 саат убакыт өтүшү керек; 100 миң сомго чейин — 6 саат; 100 миң сомдон өйдө — 24 саат. Микрофинансылык уюмдар үчүн: 15 миң сомго чейин насыя алууда — 3 саат убакыт өтүшү керек; 15 миң сомдон жогору — 24 саат. Ошондой эле финансылык мекеменин кызматкери белгиленген убакыттан кийин кардарга телефон чалып кайрылууну тастыкташы керектиги белгиленген.
"Нарын" аба майданында капиталдык ремонт бүтүп, ачууга даярдалууда. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты.Билдирүүгө ылайык, жумушчу комиссия инфраструктуралык объектилерди, учуп-конуу тилкесин, жабдууларды жана коопсуздукту камсыздоо системаларын көрүп чыккан. "Манас" аэропортунун директору Манасбек Самидинов аэропортту ачуу аймактын аба-транспорттук түйүнүн жандандырып, туризмди, сооданы жана экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын айткан. Аймактагы аба майдан жакында расмий ачылат.
Бишкекте 1-октябрдан 5-октябрга чейин Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин балдары үчүн ачык Дельфи оюндары өтөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Ага ылайык, иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Россия (Новосибирск, Коми жана Дагестан республикалары), Түркмөнстан, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан чыгармачылык сынактардын жеңүүчүлөрү, Бишкек Дельфи оюндарынын жеңүүчүлөрү катышат. Жаш курак чектелген, тагыраагы, оюндарда 7 жаштан 14 жашка чейинки жаш таланттар ат салышат."Программага элдик, классикалык жана заманбап искусствонун 11 номинациясы боюнча сынактар кирет. Алардын катарында фортепиано, скрипка, классикалык гитара, сүрөт искусствосу, эстрадалык ырдоо, элдик бий, жеке элдик ырдоо, ди-джей, элдик аспаптар, көркөм кол өнөрчүлүк, ошондой эле Парадельфи номинациясы – жаңдоо тилинде ыр ырдоо бар", — деп жазылат маалыматта. Оюндардын жеңүүчүлөрүнө ар бир номинация боюнча алтын, күмүш жана коло медалдар, ошондой эле кесипкөйлүгү үчүн дипломдор ыйгарылары кошумчаланды.