Кыргыз театрларында спектаклге ылайыктуу пьесаларды жазган драматургдар жокко эсе

Sputnik
Театр чөйрөсү жеке кинолорго салыштырмалуу менеджмент жагынан артта калууда. Эң аз каражат менен тартылган жеңил-желпи кино бюджетинен ашып, өзүн актап жатат. Ал эми театрларда улуттук идеологияга басым коюлуп, өзүбүздүн адабий чыгармаларды, дүйнөлүк классик чыгармаларды кыргызчага которуп сахнага чыгарылат. Мындан улам театр чыгымдарын актабайт. Анткени, жаштар көп кызыга беришпейт. Негизинен кыргыз драматургиясы аксап жатат. Спектаклдерге ылайыктуу пьесаларды жазган драматургдар жок. Жакшы чыгарма жакшы акчаны талап кылат. Ошондуктан өкмөт бүгүнкүдөй колдоосун дагы беш жыл көрсөтсө театрларда эл аралык деңгээлге чыгуу мүмкүнчүлүгү болот.
Бул тууралуу Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын директору Жолдошбек Жанжигит уулу жана Маданият министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Акжол Доранбек уулу айтып беришти.