Радио

Жайында Ысык-Көлгө поезд менен 51 миң жүргүнчү барып келген

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Расул Рыскулов Бишкек — Балыкчы — Бишкек поезд каттамындагы өзгөчө вагондор туристтер тарабынан жогору бааланганын айтты.
Sputnik
Бишкек — Балыкчы — Бишкек поезд каттамы менен жүргөн туристтердин саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Бул тууралуу Расул Рыскулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, каттам айрыкча ички туристтер арасында суроо-талапка ээ.
"Жайкы туристтик мезгилде Бишкек — Балыкчы — Бишкек поезд каттамында 51 миң жүргүнчүнү тейледик. Бизде туризм жакшы өнүгүүдө, айрыкча ички туризм жакшы жанданып, поезд менен жүргөндөр барган сайын көбөйүп жатат. Чет элдик туристтер дагы көп, айрыкча жаңы вагондорго суроо-талап жогору", — деди Рыскулов.
Ошондой эле ал туристтик мезгил бүткөнүнө карабастан, өзгөчө вагондор келишим менен Ысык-Көлгө алыстан келген эс алуучуларды ташый турганын кошумчалады.