Радио

Айдакеев: суу транспортторунун ээлерине шарт түзүп берүү керек

Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформанын катчылыгынын жетекчиси Алмабек Айдакеев суу транспортторунун ээлерине шарт түзүп берүү керектигин айтты.
Sputnik
ӨКМ, Экотехинспекция, көзөмөл жана жергиликтүү органдар биргелешип суу транспортторундагы көрсөтүлгөн эрежерелерди нукка салып келе жатышат. Бул тууралуу Алмабек Айдакеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, суу транспортторунун кожоюндары түшүндүрүү иштерине муктаж.

"Быйыл суу транспорту боюнча жакшы иштер аткарылды. Адамдар сууга түшчү жерлерден скутер, чоң жана чакан кемелер алынып, өз-өзүнчө жайгаштырылды. Бул жумуштарды токтотпош керек. Капитандардан сезон алдында текшерип, эрежелер менен тааныштырып кетсеңер деген өтүнүчтөр келет. Алар суу транспортторунун техникалык коопсуздугун карап, нукка салып берүүнү өздөрү суранышат. Ошондуктан министрлер кабинетинин тапшырмасы менен даярдалган "Ички суу транспорту жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынса жакшы болмок. Кемени долбоорсуз куруп алып, адамдарды ташып жүргөндөр да бар. Эки-үч кишиден аныкталды. Ошондой эле Кытайдан 80 жана 120 кишилик жаңы теплоходдорду алып келишет. Аларга жеке вокзал, пирс куруу үчүн жер бөлүнүп, шарттар түзүлүшү абзел", — деди Айдакеев.

Жетекчи ошондой эле скутерлер, чакан жана чоң кемелер каттоодон өтүп, уруксат кагазы алынгандан кийин эксплуатацияга берилерин кошумчалады.