Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи: Россиянын тереңине сокку урууга жол бербөөгө АКШнын акылы жетсе керек

Буга чейин Владимир Путин НАТОдо Украина жаңжалына түз кийлигишүү маселеси талкууланып жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Москва Киевге Батыштын куралы менен Россиянын тереңдеги аймактарына сокку уруусуна жол бербөөгө АКШнын акылы жетет деп үмүт артат. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин айтканын РИА Новости жазды.
"Кесепети, менимче, айдан ачык. Абалды мынчалыкка жеткирүүгө Америка тараптын акыл парасаты жол бербейт деп ишенгибиз келет", — деди дипломат БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында.
Эскерте кетсек, буга чейин РФ лидери Владимир Путин ушу тапта НАТО мамлекеттери Киевдин Батыш берген курал-жаракты пайдалануусун эле эмес, өзөгүндө жаңжалга түз аралашууну талкуулап жатышканын билдирген. Анын айтымында, Батыштын мындай кадамы жаңжалдын нугун өзөртүп, Россия жаралган кооптуулуктарга жараша чечим кабыл алууга мажбур болот.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков өлкө башчынын билдирүүсү так, даана айтылганын, сөз ээсин табарын белгилеген.
Ал эми шаршемби күнү Путин Коопсуздук кеңешинин өзөктүк кол салууну кармап туруу боюнча жыйынында Москванын өзөктүк куралды колдонуу шартын тактоону сунуштады. Документтин жаңыланган редакциясында өзөктүк куралы жок мамлекеттердин өзөктүк куралы бар өлкөлөрдүн колдоосу менен Россияга каршы жасалган агрессиясын биргелешкен кол салуу деп кароо сунушталган.
Москва ошондой эле өзөктүк куралды Беларуска чабуул коюлса да, кадимки курал колдонулуп өлкө коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда да пайдаланууга укуктуу болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Киев эмне үчүн согуштук аракеттерин токтото албай жатканын түшүндүрдү