Кремль: Россиянын өзөктүк доктринасына киргизилчү өзгөртүүлөр — көп өлкөгө коңгуроо

Владимир Путин 25-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында өзөктүк кол салуу жаатында мамлекеттик саясаттын негизи жаңыланганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Россиянын өзөктүк доктринасына өзгөртүүлөрдүн киргизилиши — кастарын тиккен мамлекеттерге кагылган коңгуроо. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Ар кыл каражат менен өлкөбүзгө кол салууга ниеттенип жаткан мамлекеттерге анын кесепетин эске салчу белги", — деди Кремлдин өкүлү.
Песков "акылга таянып иш кылган өлкө башчылары" буга чейин деле Путиндин сөзүнүн олуттуулугун түшүнүп келишкенин, "азыркыдай курч каршылашуу" маалында РФ лидеринин билдирүүсүнө мурункудан да этият мамиле жасап калышарын белгилеген.
Маалымат катчынын айтымында, Россиянын өзөктүк дарамети жана анын өзөктүк кол салуудан кармап туруудагы ролу бүтүндөй дүйнөгө белгилүү. Песков азыркы тапта доктринага өзгөртүүлөр өлкө чек арасын бойлой жаралган чыңалууга жараша киргизилип жатканын кошумчалады.
"Президент биздин өзөктүк триадабыз өзөктүк кол салууну кармап туруунун кепилдиги экенин айтты", — деди Песков.
Владимир Путин 25-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында өзөктүк кол салуу жаатында мамлекеттик саясаттын негизи жаңыланганын билдирген. Президент Россия өзөктүк куралды чабуул коюлганда, каршы тарап кадимки курал колдонуу менен да өлкө коопсуздугуна коркунуч жараткан учурда пайдаланууга укуктуу болорун белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Россиянын тереңине сокку урууга жол бербөөгө АКШнын акылы жетсе керек