Эксперт: Кыргызстан менен Россия Батыштын стереотиптерин бирге жеңиши керек

Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия Батыштын таңууланган өнүгүү стереотиптерин биргелешип жеңиши керек. Бул тууралуу Россиянын Тынчтык фондунун башкаруучулугунун төрагасы, Россия Илимдер академиясынын Интеграция жана цивилизацияны изилдөө борборунун илимий директору Сергей Бабурин билдирди.
Ал "Экономикалык ойдун өнүгүшү: изилдөөлөр жана чечимдер" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
"Кылымдар бою таңууланып келген Батыштын өнүгүүсүнүн бир нече стереотибин жеңүү үчүн Кыргызстанда да, Россияда да биргелешип иштешибиз керек. Баарыдан мурда коомдогу жакшылык менен жамандыкка бирдей мамиле жасоодон, адамдын тагдырына кайдыгер кароодон арылуу керек", — деди Бабурин.
Ал белгилегендей, "базар баарын өзү чечет" деген атактуу формуланы кармануу апаатка карай кадам болду.
"Биз мамлекеттин социалдык функцияларын баалабай коё албайбыз. Ал адамдарга жана салттуу баалуулуктарга кам көрөрүнө кепилдик беришибиз керек", — деп кошумчалады эксперт.
Пресс-борбор
Россиялык проректор: кыргызстандык балдар таң калтырды