Россиялык элчи Путиндин атынан БАМды курган 4 кыргызстандыкка медаль тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путиндин атынан Кыргызстандагы элчи Сергей Вакунов БАМдын төрт куруучусуна "Байкал-Амур магистралына 50 жыл" медалын тапшырды. Бул тууралуу РФтин Бишкектеги элчилиги билдирди.
"Валерий Новиков, Жумабай Мурзакматов, Азиз Фазылов жана Рустам Вахитов көп улуттуу совет элинин достугу жана эрдиги менен ажырагыс байланышта болгон легендарлуу темир жолдун курулушу боюнча өз окуяларын айтып беришти", — деп айтылат куттуктоодо.
Вакунов бүгүнкү күндө постсоветтик өлкөлөрдүн экономикасынын жыргалчылыгы үчүн иштеп жаткан ири инфраструктуралык долбоордун ийгиликтүү аякташына ар бир куруучунун салымы чоң экенин белгиледи.
Путин БАМдын курулушунун башталышынын 50 жылдыгы менен куттуктады