Ноокенде студенттен акча талап кылды деп кесиптик лицейдин өкүлдөрү кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Майлуу-Суу шаарында пара талап кылган кесиптик лицейдин директорунун милдетин аткаруучу жана окуу жайдын улук мастери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин аталган окуу жайдын окуучусу милицияга арыз менен кайрылып, лицейдин жетекчиси диплом менен аттестатты берүүгө жана мамлекеттик экзаменге киргизүү үчүн 10 миң сом талап кылганын билдирген.
"Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара талап кылуу" беренеси менен иш козголду. Окуу жайдын директорунун милдетин аткаруучу жана улук мастери студенттен акча алып жаткан жеринен кармалды", — деди ИИМ.
Жалал-Абадда пара алууга шектелип соцкызматкер кармалды