Кыргызстандын ИДПсы быйыл 1,5 трлн. сомду түзөрү айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Быйыл Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 1,5 триллион сомдон ашары болжолдонуп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Өкмөт башчы "Экономиканы өнүктүрүү: изилдөөлөр жана чечимдер" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн.
Жапаровдун айтымында, ИДПнын өсүүсү 8,7 пайызды, ал эми Кумтөрдү эсепке албаганда 10,6 пайызды түзгөн. Былтыр номиналдуу ИДП 1,2 миллиарддан ашкан, ал эми быйыл 1,5 триллиондон көп болору болжолдонууда.
Үч жылда өлкөдө акчанын көлөмү 175,1 млрд. сомго көбөйдү. Себеби