Сокулуктагы "Эдельвейс" балдар лагери мамлекетке кайтарылды

Сокулуктагы Эдельвейс балдар лагери мамлекетке кайтарылды
Лагерь 20 жыл мурда менчиктештирилип, бир нече жолу сатылганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Сокулук районундагы "Эдельвейс" балдар эс алуу лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Төш-Булак айылындагы лагердин аянты 5,20 гектар, дагы 493,8 чарчы метр жерде ар кандай курулуштары бар.
"2004-жылы аталган лагерь менчиктештирилип, бир нече жолу кайра сатылган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында лагерь ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Балдар лагеринин жалпы наркы 320 миллион 651 миң сомду түзөрү кошумчаланды.
Шектүунү кармаган Атайын кызматынын аскерлери. Архив
Ташиевдин атын жамынып ишкерлерден акча алган. УКМК шектүүнү кармады