Кара-Балтадагы менчиктештирилип кеткен автобекет кайтарылды

Кара-Балтадагы менчиктештирилип кеткен автобекет кайтарылды
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кара-Балта шаарындагы менчиктештирилип кеткен автобекет мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 60 сотых жери менен мыйзамсыз жеке тараптарга өтүп кеткен.
Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен баасы 209 миллион сомдон ашкан объектини мамлекеттин балансына өткөрүп берди.
Бишкектин престиждүү аймагында жайгашкан жер тилкелер мамлекетке өттү
Бишкектин "майлуу-сүттүү" аймагындагы 5 жер тилке мамлекетке кайтарылды