Жалал-Абадда ишкерлерден акча алып жүргөн УКМКнын "кызматкери" кармалды

Жалал-Абадда ишкерлерден акча алып жүргөн УКМКнын кызматкери кармалды
Шектүү 24-сентябрда колго түшүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. УКМКнын күбөлүгүн жасатып алып ишкерлерди "тоноп" жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Задержание лжесотрудника ГКНБ в Джалал-Абаде
Маалыматка ылайык, комитетке мыйзамсыз текшерүү боюнча бир нече кайрылуу түшкөн.
"Тергөөнүн жүрүшүндө У.С.У. аттуу жаран УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгүн колдонуп муниципалдык кызматчыларды жана жеке ишкерлерди опузалаганы аныкталган. Ал финансылык-чарбалык ишмердигин текшерүү шылтоосу менен жабырлануучуларды акча берүүгө мажбурлаган", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, 24-сентябрда шектүү кармалган.
Атайын кызмат андан жабыр тарткандарды (03722) 5-60-49, WhatsApp: (0995) 01-22-10, (0770) 97-26-57 телефондору аркылуу кайрылууну суранган.
Сокулуктагы Эдельвейс балдар лагери мамлекетке кайтарылды
Сокулуктагы "Эдельвейс" балдар лагери мамлекетке кайтарылды