Бишкектин "майлуу-сүттүү" аймагындагы 5 жер тилке мамлекетке кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкектин престиждүү аймагында жайгашкан жер тилкелер мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 35 сотых беш муниципалдык жер тилке мыйзамсыз сатылган.
"Кызмат адамдары бул жер тилкелерин жеке адамдарга берүү үчүн коррупциялык схема түзүп, Ленин райондук администрациясынын токтомунан көчүрмөлөрдү бурмалашкан. Аталган жерге турак жай комплексин куруу пландалган", — деп айтылган маалыматта.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында наркы 300 миллион сомдук жер тилке мамлекетке өткөнү кошумчаланды.
Сокулуктагы "Эдельвейс" балдар лагери мамлекетке кайтарылды