БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Аскар Акаевдин эң негизги катасы — эл кубалаганга чейин жеткирбеш керек болчу. Бул тууралуу Садыр Жапаров "Кабар" агентигине барген кезектеги маегинде билдирди.
Ал "Ынтымак ордодо" экс-премьер Апас Жумагуловдун портрети илинсе, Аскар Акаевдики дагы илиниши керекпи таризинде суроолорго жооп берген. Жапаровдун айтымында, Апас Жумагулов — Кыргызстан эгемендүүлүк алып өлкөнү кайра түзүү учурунда татыктуу иштеп, эмгеги сиңген адам.
"Аскар Акаевичтики башкача жагдай. Мен Аскар Акаев татыктуу эмес деген пикирде айткан жокмун. Ал кишинин да жаңы Кыргызстанды түптөөдө салымы тоодой. Мен жогоруда айткан ийгиликтердин башында ошол киши турган. Бирок жашоодо табият ушундай экен, 99 жолу жакшы иштерди жасап, бир жолу жаңылсаң кечирилбейт", — деген өлкө башчы.
Ошондой эле ал Акаевдин каталарын санап, менчиктештирүү маселесин көзөмөлдөй албай калганын, жакшы кадр тандай албай айыл чарбанын талкаланышына себепкер болгонун айткан.
"Эң негизги катасы — эл кубалаганга чейин жеткирбеш керек болчу. 10 жыл башкаргандан кийин кетиш керек эле. Адам баласынын жашоо табиятында бир көрүнүш бар. Бир эле адамдын жүзүн кечке көрө берсе адамдар андан тажайт. Мейли ал алтын адам болсун, бирок бир жүздү кечке көрө берип адамдар тажап кетет. Ошол үчүн дүйнө жүзүндө президенттердин мөөнөтүн 7 жылга бир жолу же 4-5 жылдан эки жолу шайланат деген эреже бар", — деген Жапаров.
Мындан улам өткөндөн сабак алып, азчылык көпчүлүккө баш ийиши керектигин кошумчалаган.