БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Учурдагы система таптакыр башка. Президент канча премьер-министр алмаштырбасын, жалпы элдин, мамлекеттин тагдыры менен жоопкерчилиги баары бир президенттин мойнунда болот. Бул тууралуу Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп жатып бийликтин таттуулугу тууралуу суроого жооп берген.
"Чынын айтсам, таттуулугун сезген деле жокмун. Мамлекет менен жалпы элдин тагдыры сенин мойнуңда болгондо сен деле сезмек эмессиң. Анткени күнү-түнү дебей ойлонуп чыгасың. Уйку жок. Ар бир ички жана тышкы саясатта жүрүп жаткан иштерге 24 саат бою сарсанаа болосуң. Эгер мурдагыдай жоопкерчилиги жок системада башчы болуп олтурсам, анда балким бийликтин таттуулугу сезилмектир", — деген өлкө башчы.
Мамлекет башчы мурдагы системада жакшы иштерди президент өзүнө ыйгарып, жаманын өкмөт менен парламентке түртө салып жыргап жүрө бергенин белгилеген. Анын айтымында, азыр система өзгөртүлүп, президенттин жоопкерчилиги мыйзамдар менен бекитилген.
"Учурдагы система таптакыр башка болду. Президент канча премьер-министр алмаштырбасын, жалпы элдин, мамлекеттин тагдыры менен жоопкерчилиги баары бир президенттин мойнунда. Менден кийин ким президент болуп келбесин, мамлекеттин жакшысына да, жаманына да өз башы менен эл алдында жооп берет", — деген президент.
Жапаров жоопкерчилик бир кишиге жүктөлбөй өлкөдө анархия болуп, мамлекет чачырап кете жаздаганын, эми саясатты артка таштап экономиканы алдыга жылдырууга убакыт келгенин кошумчалады.