Кантта топ кишилер мушташып, ок атылды

Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кантта массалык мушташ чыгып, ок атылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалымат боюнча, окуя 24-сентябрда болгон. Укук коргоо органдарына кайрылган 33 жаштагы аял күндүз унаа жууган жайдын алдында белгисиз бирөөлөр жолдошуна ок атканын айтып, бир нече кишиге чара көрүүнү өтүнгөн.
Арыздын негизинде милицияга үч адам жеткирилип, пневматикалык тапанча алынган. "Бейбаштык" беренеси боюнча иш козголду.
Мушташ видеокөзөмөлгө тартылып калган.
Жеңил машина жана мопед айдаган экөө мушташа кетти. Бишкектен тартылган видео