Маданий жана спорттук иш-чараларга билет саткан бирдиктүү система киргизилет

Система Салык кызматы менен интеграцияланып, билеттердин жүгүртүлүшү реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөнөрү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Маданий жана спорттук иш-чараларга билеттерди сатуу боюнча автоматташтырылган система киргизилет. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга жайгаштырылды.
Анда өлкөнүн маданий жана спорттук иш-чараларына билеттерди сатуу процессин жакшыртуу максатында Борбордук автоматташтырылган билеттик системаны (БАБС) киргизүү каралган. Ал билеттерди сатуу, отчеттуулук жана аналитика жүргүзүү иштерин толук көзөмөлгө алууга мүмкүндүк берет.
"Жаңы технологияларды колдонуу менен иштелип чыккан долбоор билет сатуу эрежелерин тактоо жана накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө багытталган. Система так отчетторду түзүүгө жана маданий мекемелерге ыкчам маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн берет, бул иш-чараларды натыйжалуу пландаштырууга шарт түзөт", — деп айтылат токтом долбоордун негиздемесинде.
Мындан тышкары, система Салык кызматы менен интеграцияланып, билеттердин жүгүртүлүшү реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөнөрү белгиленди. Бул көмүскө рыноктун кыскарышына жана билеттердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алууга жардам берери кошумчаланды.
Чүйдө "Бурана – Баласагын" чоң этношаары салынат. Министрлик эскизин көрсөттү