БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. 29-сентябрда Snow Leopard Run эл аралык кайрымдуулук жарым марафонуна байланыштуу Бишкекте айрым көчөлөр жабыла турганын мэрия билдирди.
4,5 миң адам катышкан иш-чара "Ала-Тоо" аянтында башталат. Маршрут борбордук көчөлөр аркылуу өтөт.
Саат 6:00дөн баштап борбор калаада төмөнкү көчөлөр жабылат:
Чүй проспекти Манастан Абдрахманов көчөсүнө чейин;
Абдрахманов көчөсү Чүйдөн Иманалиевге чейин;
Иманалиев көчөсү Абдрахмановдон Чыңгыз Айтматов проспектине чейин;
Масалиев көчөсү Абдрахмановдон Чыңгыз Айтматовго чейин;
Чыңгыз Айтматов проспекти Иманалиевден Чүйгө чейин.
"Маршрут боюнча электрондук хронометраж системасы жана катышуучулар үчүн тамактануучу пунктулар (жолдун жээгинде) орнотулганына байланыштуу жол эрте жабылууда", — деп айтылат маалыматта.