Пресс-борбор

Россиялык проректор: кыргызстандык балдар таң калтырды

Кыргызстанда евразиялык билим берүүнүн эл аралык көргөзмөсү өтүүдө. Мектеп окуучулары Россиянын алдыңкы университеттеринин сунуштары менен таанышат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстандык абитуриенттер — таланттуу студенттер. Бул тууралуу Басан Городовиков атындагы Калмык мамлекеттик университетинин эл аралык кызматташтык, кесиптик жана кошумча билим берүү боюнча проректору Оксана Кониева билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборундагы "Бишкектеги евразиялык билим берүү көргөзмөсү" аттуу брифингде билдирди.
Кониева ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүндөгү евразиялык билим берүүнүн эл аралык көргөзмөсүнө катышууда. Анын айтымында, сентябрдын башында Калмык университети Ысык-Көл облусунан келген 15 бүтүрүүчүнү тосуп алган.
"Алар бизди таң калтырды. Чыгыштын тарбиясын көргөн балдар башкаларга сый мамиле жасашып, ар тараптуу өнүгүшкөн. Ырга, спортко жакын таланттуу балдар. Биздин окуу жайда Россиянын 41 аймагынан, 53 өлкөдөн келген студенттер билим алат. Чет элдик студенттерге жеңил көнүп кетүүгө жардам беребиз. Кыргызстандык балдар бул жерде өздөрүн үйүндө жүргөндөй сезишет", — деди Кониева.
25-сентябрда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү евразиялык билим берүүнүн VIII эл аралык көргөзмөсү башталды. Иш-чара Бишкек, Токмок, Кара-Балта жана Каракол шаарларында, ал эми ноябрда Кыргызстандын түштүгүндө өтөт. Мектеп окуучулары Россиянын алдыңкы университеттеринин сунуштары менен тааныша алышат.
Кыргызстандык абитуриенттер үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлдү. Видео