Мал кармоонун, айдап өтүүнүн эрежелерин бузгандарга айып салуу сунушталууда

Мыйзам долбоору өлкө аймагында эпизоотиялык абалды, тамак-аш коопсуздугун жана айыл чарба жаатындагы мыйзамдардын талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ветеринардык эрежелерди бузгандар үчүн жаза киргизген мыйзам долбоору биринчи окуудан кабыл алынды.
Документ министрлер кабинети тарабынан демилгеленип, өлкө аймагында эпизоотиялык абалды, тамак-аш коопсуздугун жана айыл чарба жаатындагы мыйзамдардын талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Мыйзам долбооруна ылайык, малдын жугуштуу ылаңдарын алдын алуу жана жоюу, аларды кармоо, ташуу, айдап өтүү талаптарын, өлүгүн көмүү, жок кылуу боюнча жана башка ветеринардык-санитардык эрежелерди бузгандарга жеке тараптарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сомго чейин айып салынат. Ушундай эле айыптар Мамлекеттик токой фондунда дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу же мал жаюу үчүн көрсөтүлгөн.
Ал эми жаныбарлардын карантини боюнча чектөөлөр бузулса 7 500 сомдон 23 миң сомго (юридикалык жактар) чейин айып каралган. Мындан тышкары, жаныбарлардан алынуучу азыктарга байланыштуу санитардык талаптар бузулса 12 500 сомдон баштап кайсы эреже бузулганына жараша 60 миң сомго чейинки айыптар сунушталган.
Мыйзамда каралган эрежелер жыл ичинде кайрадан бузулса айыптын өлчөмү эки эсеге чейин жогорулатылышы мүмкүн экени белгиленди.
Радио
Өлкөдө ак ниет ишкерлердин реестри түзүлүүдө. Кандай артыкчылыктар берилет?