Чүй жана Ош облустары Омск аймагы менен боордош болду

Чүй жана Ош облустары Омск аймагы менен боордош болду
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Чүй жана Ош облустары Омск облусу менен боордош болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Две области в КР стали побратимами с Омской областью
Маалым болгондой, облуска иш сапары менен Чүй жана Ош облустарынын башчыларынын орун басарлары Самат Исманов, Ильяз Ташбаев жана бизнес-өкүлдөр барышкан. Алар ШКУга мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин форумуна катышты.
"Форумдун жүрүшүндө облустардагы өкүлчүлүктөрдүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык жана маданий-гуманитардык тармактарда эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды ишке ашыруу боюнча келишимдерге кол коюлду. Мындан тышкары, бизнес-форумдун алкагында бир катар макулдашуулар түзүлдү", — деди ТИМ.
Ош шаарынын көрүнүшү. Архив
Ош менен Владивосток боордош шаар болду