Дүйнөдө күмүшкө болгон муктаждык улам өсүүдө. Инфографика

Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дүйнөдө күмүшкө болгон өнөр жайдын суроо-талабы күн энергиясы, электр автоунаалары, жасалма интеллект сындуу жаңы технологиялардан улам көбөйдү. Ал эми сунуш улам түшүп баратат. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
2023-жылдын жыйынтыгы менен алганда 830,5 миллион унция күмүш өндүрүлгөн. Рыноктогу таңсыктык 15,4 пайыз болсо, 2024-жылы 17,7 пайызга жетиши мүмкүн.
Россия менен Казакстан күмүштү арбын өндүргөндөрдүн тобуна кирет. РФ дүйнөдө 39,8 миллион унциясы менен 7-орунга, Казакстан 16,6 миллион унциясы менен 12-орунга чыкты. Ал эми КМШдагы дагы бир өлкө Өзбекстан дүйнөлүк рейтингде 16-сапта турат (8,8 миллион унция).
Күмүштүн 70 пайызы башка металлдарды казып жатканда кошо алынат.
Бул рекорд! Беш айда Кыргызстан 22,5 тонна күмүш саткан