Пресс-борбор

Мэрия: жыл сайын 300дөй бишкектик бала Россиянын окуу жайларына тапшырат

Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкектен жыл сайын 300гө жакын абитуриент Россиянын жогорку окуу жайларына тапшырат. Бул тууралуу мэриянын билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Элмира Сатышева билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборундагы "Бишкектеги евразиялык билим берүү көргөзмөсү" аттуу брифингге катышты.
Сатышева Кыргызстан абитуриенттердин татыктуу билим алуусуна кызыкдар экенин белгиледи.
Мэриянын билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Элмира Сатышева
"Бишкекте 30дан ашык статусу бар окуу жайлар бар. Алар студенттерди кошумча программалар менен даярдап, профилдик билим берип келишет. Бирок бул дагы жетишсиз. Мен чет элдик университеттерге кирген студенттер боюнча мониторинг жүргүзөм. Алардын көбү россиялык окуу жайларга тапшырышат. Буга Россия КМШнын курамында болгону, тарыхыбыз бир экени таасир этсе керек. Бишкекте орусча билбеген бала жок", — деди Сатышева.
25-сентябрда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү евразиялык билим берүүнүн VIII эл аралык көргөзмөсү башталды. Иш-чара Бишкек, Токмок, Кара-Балта жана Каракол шаарларында, ал эми ноябрда Кыргызстандын түштүгүндө өтөт. Мектеп окуучулары Россиянын алдыңкы университеттеринин сунуштары менен тааныша алышат.
Пресс-борбор
Россиялык проректор: кыргызстандык балдар таң калтырды