Батыш атаандаштыкка туруштук бере албай бут тосууда. Путиндин сөзү

Россиянын энергетикалык жумалыгы заманбап отун-энергетика комплексинин өнүгүү тенденцияларын талкуулоого арналган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Батыштын элитасы атаандаштыкка туруштук бере албагандыктан өздөрүнө жакпаган мамлекеттерге отун-энергетика тармагынын (ОЭТ) платформаларына жана технологияларына кирүүгө тоскоолдук кылып жатат. Мындай пикирин РФ лидери Владимир Путин Россиянын энергетикалык жумалыгы деп аталган эл аралык форумдун пленардык жыйынында сүйлөп жатканда билдирди.
"Батыштын элитасы бул кызматтарга болгон жолду аларга саясий жактан жакпаган мамлекеттерге жаап, өнүгүүдөн артта калтырууну ойлонуп, рыноктон сүрүп чыгаруу ниетин көздөгөн. Көпчүлүк менин айткандарыма макул болсо керек. Бул ыкмаларды алар (Батыш элитасы — ред.) негизинен адепсиз атаандаштыктын куралы катары колдонулууда", — деди Путин энергетика платформалары жана технологиялары жөнүндө сүйлөп жатып.
Президент алардын эмнени көздөп жатканы айдан ачык болуп тургандыгын кошумчалады.
"Батыш күчү жетпегендиктен атаандаштыкты каалабайт. Шарты адилеттүү болгон кармаштарда көп учурда жеңилип калат", — деген.
Россиянын энергетикалык жумалыгы — заманбап отун-энергетика комплексинин өнүгүү тенденцияларын талкуулоого арналган маанилүү эл аралык аянтчалардын бири. Бул иш-чара эң жогорку деңгээлде, мамлекет жана өкмөт башчыларынын, дүйнөдөгү эң ири энергетикалык компаниялардын өкүлдөрүнүн, тармак лидерлеринин жана эксперттердин катышуусунда өтүп келет.
Россия энергетикалык жумалыгы Москва шаарында бүгүн башталды. Ал 28-сентябрда аяктайт.
АКШда Россиядан уран импорттоого тыюу салган мыйзам долбоору жактырылды