Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Байдендин Украинага берчү кезектеги белеги АКШ Конгрессине жик салды

Каражаттын ичинде Пентагондун кампаларынан курал-жарак сатып алууга жумшала турган 5,6 миллиард доллар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Украинага арналган жардамдын жаңы пакети АКШ президенти Жо Байден менен вице-президенти Камала Харрис үчүн өз элинин кызыкчылыгы акыркы орунда экенин көрсөттү. Бул тууралуу Конгресстин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Маржори тейлор Грин X соцтармагына жазганын РИА Новости кабарлады.
"Жо Байден менен Камала Харрис Украинага кезектеги алты миллиард доллар бергени жатат. Ал арада америкалыктардын көбү тамак-ашка жетпей отурат. Демократтар үчүн элдин кызыкчылыгы акыркы орунда", — деп жазган конгрессчи.
Эскерте кетсек, буга чейин АКШ Жо Байдендин Владимир Зеленский менен бейшемби күнкү жолугушуусунан кийин Украинага сегиз миллиард доллар берүүгө ниеттенип жатканы айтылган.
Каражаттын ичинде Пентагондун кампаларынан курал-жарак сатып алууга жумшала турган 5,6 миллиард доллар бар. Америка өкмөтү бул акчаны 30-сентябрга чейин пайдалана алат. Ага чейин Конгресс Ак үйдүн суранычына карабай АКШнын убактылуу бюджети тууралуу мыйзамдагы мөөнөттү узартууга макул болбой койгону маалым.
Трамп Зеленскийди эң мыкты соодагер деп атады