Дастан Жапардын "Качкын" тасмасынын премьерасы Бусан фестивалында көрсөтүлөт

Sputnik
Бул ирет «Стоп кадр» программасында биз Азиянын эң абройлуу кино фестивалдарынын бири болгон Бусан эл аралык кино фестивалында дүйнөлүк бет ачаары өтчү “Качкын” тасмасы тууралуу сөз кылдык. Тасманын режиссеру Дастан Жапар Ырыскелдинин айтымында, кинодо адам сатуу маселеси чагылдырылган. Бул тема режиссерду 2000-жылдардын башында эле ойлондурган. Анткени бир тууган иниси Актан Ырыскелди ошол жылдары Казакстанга иштегени кетип, ушул темага байланыштуу окуяларды баштан кечирген.
Режиссёр Дастан Жапар Ырыскелди буга чейин "Атанын керээзи" жана "Акыркы көч" кинокартиналарын тартып, бул тасмалар бир катар эл аралык фестивалдарга катышкан.