Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасы бекитилгенин билдирди. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өтөт. "Жалпысынан 495 миллион 718 миң сом каралган. Анын ичинен 201 миллион 881 миң сому шайлоону уюштурууга: маалымдоого, комиссияларды окутууга, байланышты камсыз кылууга, маалыматтык материалдарды басып чыгарууга, шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таркатмаларды аймактарга жеткирүүгѳ жумшалат. 293 миллион 838 миң сом аймактык 56 шайлоо комиссиясынын жана 2 439 участкалык шайлоо комиссиясынын ишин камсыз кылууга керектелет", — деп айтылат маалыматта. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2024-жылдын 23-сентябрына карата республикада 4 миллион 114 миң 931 шайлоочу бар. Бир шайлоочуга кеткен чыгымдын суммасы 120 миң 46 сомду түзгөн.
"Манас" эл аралык аба майданы Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын билеттери эмнеге кымбат болуп жатканын түшүндүрдү. Буга чейин ички каттамдардын баасы 2 100 сомдон 3 300 сомго чейин болору айтылган. Бирок кыргызстандыктар соцтармак аркылуу билеттер беш миңге чейин жетип жатканын жазышууда. Бул боюнча аба майдан баалардын тарификация принциби бар экенин билдирди. "Билет баасы сатып алынган орундардын санына жараша өзгөрүшү мүмкүн. Канчалык көп орун брондолсо, баалардын өзгөрүү ыктымалдыгы ошончолук жогору болот", — деди аэропорттон. Учурда "суперэконом" — 4000 сом; "толук эконом" — 4500 сом "флекс эконом" — 5000 сом болуп жатат.
Чүй жана Ош облустары Омск облусу менен боордош болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.Маалым болгондой, облуска иш сапары менен Чүй жана Ош облустарынын башчыларынын орун басарлары Самат Исманов, Ильяз Ташбаев жана бизнес-өкүлдөр барышкан. Алар ШКУга мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин форумуна катышты. "Форумдун жүрүшүндө облустардагы өкүлчүлүктөрдүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык жана маданий-гуманитардык тармактарда эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды ишке ашыруу боюнча келишимдерге кол коюлду", — деди ТИМ.Мындан тышкары, бизнес-форумдун алкагында бир катар макулдашуулар түзүлгону кошумчаланды.
Батыштын элитасы атаандаштыкка туруштук бере албагандыктан өздөрүнө жакпаган мамлекеттерге отун-энергетика тармагынын платформаларына жана технологияларына кирүүгө тоскоолдук кылып жатат. Мындай пикирин Россиянын лидери Владимир Путин Россиянын энергетикалык жумалыгы деп аталган эл аралык форумдун пленардык жыйынында сүйлөп жатканда билдирди."Батыштын элитасы бул кызматтарга болгон жолду аларга саясий жактан жакпаган мамлекеттерге жаап, өнүгүүдөн артта калтырууну ойлонуп, рыноктон сүрүп чыгаруу ниетин көздөгөн. Көпчүлүк менин айткандарыма макул болсо керек. Бул ыкмаларды алар негизинен адепсиз атаандаштыктын куралы катары колдонулууда", — деди Путин энергетика платформалары жана технологиялары жөнүндө сүйлөп жатып. Президент алардын эмнени көздөп жатканы айдан ачык болуп тургандыгын кошумчалады.