Министрлик балдарын кароосуз калтырып миграцияга кеткен ата-энелерге айып пул салууну сунуштоодо — максаты кандай?

Sputnik
Кыргызстанда Эмгек министрлиги тарабынан балдарын кароосуз калтырып миграцияга кеткен ата-энелерге айып пул салуу сунушталууда. Тагыраагы балдарын атайын камкорчуга табыштабай, социалдык кызматкерлерге кабарлабай кеткен эмгек мигранттарынын жоопкерчилиги күчөтүлмөкчү.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Үй-бүлө жана балдарга кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Төрөгелдиев маалымдады. Анын айтымында, балдарды 15 күндөн ашык кароосуз калтырса, ата-энелерге же аларды алмаштырган адамдарга 15 миң сомдон айып пул салуу каралууда. Документ эмгек мигранттары менен алардын ата-энелик жоопкерчилигин жогорулатуу максатында иштелип чыкты.