Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Дем алыш күндөрү Кыргызстандын түндүгүндө күн сууктап, үшүк жүрөт. Кыргызгидромет Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында температура нөлдөн төмөн болорун белгиледи. "Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу", — деп айтылат маалыматта. Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууга чакырды.
Бишкектен жыл сайын 300гө жакын абитуриент Россиянын жогорку окуу жайларына тапшырат. Бул тууралуу мэриянын билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Элмира Сатышева билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборундагы "Бишкектеги евразиялык билим берүү көргөзмөсү" аттуу брифингге катышты. Сатышева Кыргызстан абитуриенттердин татыктуу билим алуусуна кызыкдар экенин белгиледи."Бишкекте 30дан ашык статусу бар окуу жайлар бар. Алар студенттерди кошумча программалар менен даярдап, профилдик билим берип келишет. Бирок бул дагы жетишсиз. Мен чет элдик университеттерге кирген студенттер боюнча мониторинг жүргүзөм. Алардын көбү россиялык окуу жайларга тапшырышат. Буга Россия КМШнын курамында болгону, тарыхыбыз бир экени таасир этсе керек. Бишкекте орусча билбеген бала жок", — деди Сатышева. 25-сентябрда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү евразиялык билим берүүнүн VIII эл аралык көргөзмөсү башталды. Иш-чара Бишкек, Токмок, Кара-Балта жана Каракол шаарларында, ал эми ноябрда Кыргызстандын түштүгүндө өтөт.
Улуттук банк Оштогу коммерциялык банкка айып салды. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош облусунда жайгашкан бир коммерциялык банкка 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Сокулук районундагы "Эдельвейс" балдар эс алуу лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, Төш-Булак айылындагы лагердин аянты 5,20 гектар, дагы 493,8 чарчы метр жерде ар кандай курулуштары бар. "2004-жылы аталган лагерь менчиктештирилип, бир нече жолу кайра сатылган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында лагерь ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлдү", — деп айтылат маалыматта. Балдар лагеринин жалпы наркы 320 миллион 651 миң сомду түзөрү кошумчаланды.
Украинага арналган жардамдын жаңы пакети АКШ президенти Жо Байден менен вице-президенти Камала Харрис үчүн өз элинин кызыкчылыгы акыркы орунда экенин көрсөттү. Бул тууралуу Конгресстин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Маржори тейлор Грин соцтармагына жазганын РИА Новости кабарлады. "Жо Байден менен Камала Харрис Украинага кезектеги алты миллиард доллар бергени жатат. Ал арада америкалыктардын көбү тамак-ашка жетпей отурат. Демократтар үчүн элдин кызыкчылыгы акыркы орунда", — деп жазган конгрессчи. Буга чейин АКШ Жо Байдендин Владимир Зеленский менен бейшемби күнкү жолугушуусунан кийин Украинага сегиз миллиард доллар берүүгө ниеттенип жатканы айтылган.