ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт

Sputnik
Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекиткен. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Анда билим берүү мекемелеринде окуучулардын ар түрдүү, толук кандуу жана пайдалуу тамактануусун уюштуруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү жана мектеп тамагынынын коопсуздугун камсыз кылуу максаты камтылган.Документ “Билим берүү жөнүндө” КР мыйзамына жана КРди 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча КР Министрлер кабинетинин 2024-жылга иш-чаралар планына ылайык иштелип чыккан. Айнура Сүйүндүкова быйыл мектеп ашканасында иштегендердин сертификаты, адистикке ылайыктуу квалификациясы караларын айтты. Муну менен катар ата-энелер мектепте балдарын тамагын жакшыртууну кааласа жол берилет. Ошондой эле буга чейин ПРООН да бул жаатта мектептерди каржылап келген. Быйыл да ашкана жумушчуларын окутууга жардам берет жана 900 мектепти камсыздайт.