Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Учурдагы система таптакыр башка. Президент канча премьер-министр алмаштырбасын, жалпы элдин, мамлекеттин тагдыры менен жоопкерчилиги баары бир президенттин мойнунда болот. Бул тууралуу Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп жатып бийликтин таттуулугу тууралуу суроого жооп берген. "Чынын айтсам, таттуулугун сезген деле жокмун. Мамлекет менен жалпы элдин тагдыры сенин мойнуңда болгондо сен деле сезмек эмессиң. Анткени күнү-түнү дебей ойлонуп чыгасың. Уйку жок. Ар бир ички жана тышкы саясатта жүрүп жаткан иштерге 24 саат бою сарсанаа болосуң. Эгер мурдагыдай жоопкерчилиги жок системада башчы болуп олтурсам, анда балким бийликтин таттуулугу сезилмектир", — деген өлкө башчы. Мамлекет башчы мурдагы системада жакшы иштерди президент өзүнө ыйгарып, жаманын өкмөт менен парламентке түртө салып жыргап жүрө бергенин белгилеген. Анын айтымында, азыр система өзгөртүлүп, президенттин жоопкерчилиги мыйзамдар менен бекитилген.Жапаров жоопкерчилик бир кишиге жүктөлбөй өлкөдө анархия болуп, мамлекет чачырап кете жаздаганын, эми саясатты артка таштап экономиканы алдыга жылдырууга убакыт келгенин кошумчалады.
Кумтөрдөгү алтындын запасы кенди дагы 20-30 жыл кенен иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Өкмөт башчы "Экономиканы өнүктүрүү: изилдөөлөр жана чечимдер" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышкан. Жапаров Кумтөр элге кайтарылып, үзгүлтүксүз иштеп жатканын эске салды. Анын айтымында, калдыктар сакталган жайда алтын азайып, казуу иштери жер алдында уланмакчы. Ушу тапта Кумтөрдү фондулук рынокко чыгаруу боюнча иштеп жатышканы айтылды
Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасы бекитилгенин билдирди. Маалыматка ылайык, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өтөт. "Жалпысынан 495 миллион 718 миң сом каралган. Анын ичинен 201 миллион 881 миң сому шайлоону уюштурууга: маалымдоого, комиссияларды окутууга, байланышты камсыз кылууга, маалыматтык материалдарды басып чыгарууга, шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таркатмаларды аймактарга жеткирүүгѳ жумшалат. 293 миллион 838 миң сом аймактык 56 шайлоо комиссиясынын жана 2 439 участкалык шайлоо комиссиясынын ишин камсыз кылууга керектелет", — деп айтылат маалыматта. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2024-жылдын 23-сентябрына карата республикада 4 миллион 114 миң 931 шайлоочу бар.
Израиль эл аралык коомчулук менен коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратууда, ал Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болууга татыксыз. Мындай билдирүүнү Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи айтканын РИА Новости жазды. "Азыр Израиль эл аралык тынчтык менен коопсуздукка мурда болуп көрбөгөндөй олуттуу коркунуч алып келүүдө. Бул режим Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болууга татыбайт", — деди ал аталган уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында. Ал "Хезболла" кыймылын колдой турганын, эгерде Израиль Ливанга толук согуш ачса четте карап турбастыгын айтты. Аракчи БУУнун Коопсуздук кеңешин Жакынкы Чыгыштагы согуш отун өчүрүп, тынчтыкты орнотууга көмөктөшүүгө чакырды.