Айыл чарба техникаларынын паркын жаңылоо кандай жүрүүдө — Кыргызстан кандай техникага муктаж?

Sputnik
Президент Садыр Жапаров жакында “Агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында аныкталган милдеттерди чечүү, агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максаты каралган.
Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу жеңилдетилген программа, дыйкандарды колдоо багыттары, айыл чарба паркын жаңылоо иши боюнча "Бай дыйкан" айыл чарбасын колдоо борборунун башкы директорунун орун басары Улан Букабаев кеп кылды.