БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Коопсуздук кеңештин башка өлкөлөрдүн өзөктүк кол салуусун кармап туруу боюнча жыйынын өткөрдү. Путиндин андагы сүйлөгөн сөзүн Кремлдин сайты жарыялады.
"Бүгүнкү күн тартибинде башка өлкөлөрдүн өзөктүк кол салуусун кармап туруу жаатындагы мамлекеттик саясаттын жаңыланышына байланыштуу маселе каралат", — деген Путин.
РФ лидеринин айткандарынан:
Россия өзөктүк курал колдонуу маселесине өтө жоопкерчиликтүү карайт. Бул — өлкөнүн көз карандысыздыгын сактоонун эң акыркы чарасы.
өзөктүк куралды колдонуунун шарттарын аныктоо боюнча тактоолорду киргизүү сунушталды. Өзөктүк кол салуудан кармап турган өлкөлөрдүн жана аскердик союздардын категориясы кеңейди. Өзөктүк кол салуудан тизгиндеп тура турган иш-чараларды нейтралдаштыруу үчүн аскердик коркунучтардын тизмеси толукталды.
өзөктүк куралы бар мамлекеттер менен катышта же аларды колдоо аркылуу Россияга каршы агрессия көрсөткөн бардык өлкөлөр Россияга биргеликте кол салды деп эсептелет.
союздаш мамлекеттер катары Россия менен Беларуска каршы агрессия көрсөтүлгөн учурда өзөктүк курал колдоно алабыз. Ошол эле учурда каршылаш тарап кадимки куралды колдонуу менен көз карандысыздыкка чоң коркунуч жараткан жагдайда дагы аны колдонууга жол берилет.