Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Небензя: украин армиясы кыйроо алдында турат

Зеленский мурдараак БУУда сүйлөп, Украинадагы чатакты жөнгө салуу үчүн Россия менен сүйлөшүүгө каршы экендигин билдирген эле.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. "Тынымсыз берилген, анын ичинде алыска атылуучу курал менен камсыздалганына карабай" Украина армиясы кыйроо алдында турат. Бул туурасында БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумунда РФтин аталган уюмдагы өкүлү Василий Небензя айтканын РИА Новости жазды.
"Курал абдан көп берилип жатат, анын ичинде алыска атыла тургандары, чалгын маалыматтары менен камсыздагандары, кайгуул жасагандары бар, жалданма аскерлер, инструкторлор жиберилүүдө. Ал эми чын-чынына келгенде, Россияга украиналыктардын өмүрү менен сокку уруп Батыштын стратегиялык мааниге ээ болгон чатакка түздөн-түз катышуусу — стратегиялык жеңилүү, украин армиясынын кыйроосу", — деди дипломат.
Небензя Владимир Зеленский БУУнун Башкы ассамблеясынын бул жыйынына Батышты "өз балдарын Украина үчүн өлүмгө жөнөтүүгө" — согушка көмөктөшүүгө ынандыруу үчүн тилемчи болуп келгенин белгиледи.
Атайын өкүл Киевди кризисти жөнгө салуу үчүн кыялданып алган "жеңиштин пландары" менен жүрө бербей, чындыкка жакын болгон узак мөөнөттүү чечимди болушунча тез кабыл алууга чакырды.
"Киев режими жакындап калган өзөктүк апаат менен биздин дүйнөнү кагыштырбайт, өзүнүн элин, өлкөсүн таптакыр жок кылып албайт деп үмүт артып турабыз", — деп кошумчалаган дипломат.
Зеленский мурдараак БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында сүйлөп жатып Украинадагы чатакты жөнгө салуу үчүн Россия менен сүйлөшүүгө каршы экендигин билдирген эле. Андан сырткары, кырдаалды жөнгө салуу үчүн кайрадан өзүнүн "тынчтык формуласын" пайдаланууну айткан.
Ал шейшемби күнү ABC News телеканалына маек берип жатып, Киевдин жеңиш планынын Россия менен сүйлөшүүлөргө тиешеси жоктугун, Украинанын армиясын бекемдөөгө багытталгандыгын билдирген. Айтканына караганда, сөз болуп жаткан план согушту көпкө создуктурбай тез бүтүрүүнү да көздөйт.
Буга комментарий берген РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москва Киев режиминин табиятын жакшы түшүнөрүн жана атайын операция койгон максаттарына жетерин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина армиясы Россия аскерлери атайын операцияда күчтөнгөнүн мойнуна алды