Камчыбек Ташиев Оштогу чек ара бекетине күтүүсүз барып текшерди. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу "Достук" чек ара бекетине күтүүсүз барды.
Атайын кызматтын төрагасынын көзөмөл пунктундагы сүрөттөрүн журналист Өткүрбек Рахманов жарыялады.
1 / 7

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу "Достук" чек ара бекетине күтүүсүз барды

2 / 7

Атайын кызматтын төрагасынын көзөмөл пунктундагы сүрөттөрүн журналист Өткүрбек Рахманов жарыялады

3 / 7

Ташиев кемчиликтерди жеринен көрүп, тийиштүү жетекчилер менен кызматкерлерге тапшырмалар менен кошо эскертүүлөрдү да берген

4 / 7

Атайын кызматтын төрагасы чек ара өткөрүү пунктунда эки тарапка өтүп жаткан жарандардын узун кезекте турганына күбө болду

5 / 7

Ал мындай абалга жол берип жаткан кызматкерлерди ыкчам иштөөгө чакырып, жарандардан жана айдоочулардан пара алууга жол берилбеши керектигин катуу эскертти

6 / 7

Төрага чек ара бекеттерине жана башка мекемелерге күтүүсүз текшерүүлөр менен барарын, эгер талаптагыдай жумуш жүрбөй жаткан болсо аёосуз чаралар көрүлөрүн белгилеген

7 / 7

Төрага чек ара бекеттерине жана башка мекемелерге күтүүсүз текшерүүлөр менен барарын, эгер талаптагыдай жумуш жүрбөй жаткан болсо аёосуз чаралар көрүлөрүн белгилеген

Ташиев кемчиликтерди жеринен көрүп, тийиштүү жетекчилер менен кызматкерлерге тапшырмалар менен кошо эскертүүлөрдү да берген.
"Атайын кызматтын төрагасы чек ара өткөрүү пунктунда эки тарапка өтүп жаткан жарандардын узун кезекте турганына күбө болду. Ал мындай абалга жол берип жаткан кызматкерлерди ыкчам иштөөгө чакырып, жарандардан жана айдоочулардан пара алууга жол берилбеши керектигин катуу эскертти", — деди журналист.
Төрага чек ара бекеттерине жана башка мекемелерге күтүүсүз текшерүүлөр менен барарын, эгер талаптагыдай жумуш жүрбөй жаткан болсо аёосуз чаралар көрүлөрүн белгилеген.
Ташиев: коррупционерлер эми сөзсүз түрмөгө отурат, жакындары кызматка алынбайт