Радио

Мамытов: санарип активдерди ишке киргизүү маалы келди

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов өлкөдө каржы санарип активдерин ишке киргизүү зарылдыгын айтты.
Sputnik
Дүйнө жүзүндө активдерди санариптештирүү кызуу жүрүүдө. Кыргызстан да бул багытка көңүл бурушу зарыл. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда алтынды санарип активдерге байлоо мүмкүнчүлүгү бар.
"Учурда мамлекет атайын дүкөн ачып, каалоочуларга өзүбүздө өндүрүлгөн алтын куймаларын сатууда. Бул жакшы көрүнүш, демек, элде акча бар. Сатып алууну каалагандар аз эмес. Ошол эле учурда бул кадамдардан дагы жакшыраак, эффективдүүрөөк пайда тапсак болот. Алтынды санарип активдерине байлоо менен өзүн сатпай баалуу кагаздарды чыгарып сатуу сыяктуу механизмдерди киргизүү зарыл. Бизнес тармагы, катардагы калк ким кааласа ала бере тургандай жеткиликтүү программаларды иштеп чыгып, техникалык мүмкүнчүлүктөр түзүлсө, мындай кадамдар кыргызстандыктар тарабынан колго алынары бышык. Ошол эле учурда алтындын өзү мамлекетте тура берет. Акчасын той-ашка короткусу келбеген адамдар санарип активдерге салып, балдарына көмөк көрсөтүп, мураска калтырып, айтор, элди сарамжалдуу жашоого үндөөгө да жакшы инструмент болуп бермек", — деди Мамытов.
Ал санарип каржы активдерин ишке киргизүүдө коопсуздук маселесине терең көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.