Ошто шаардык оорукананын базасында Трансплантация борбору ачылат

Борбордо органдарды трансплантациялоо боюнча атайын окуудан өткөн медициналык кызматкерлер бар.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Ош шаардык клиникалык ооруканасында органдарды трансплантациялоо борборун ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ооруканада татаал операцияларды, анын ичинде органдарды трансплантациялоого мүмкүндүк берүүчү заманбап операциялык блоктор буга чейин эле бар болчу.
1 / 2

. Ош шаардык клиникалык ооруканасында органдарды трансплантациялоо борборун ачуу пландалып жатат

2 / 2

Ооруканада татаал операцияларды, анын ичинде органдарды трансплантациялоого мүмкүндүк берүүчү заманбап операциялык блоктор буга чейин эле бар болчу

"Медициналык мекеме керектүү медициналык жабдуулар жана лаборатория менен жабдылган. Анда тажрыйбалуу хирургдар, анестезиологдор, реаниматологдор жана тийиштүү окуудан өткөн башка адистерден турган медициналык кызматкерлер бар", — деди министрлик.
Ведомство башчысы Алымкадыр Бейшеналиев борбордун ачылышы өлкөнүн түштүк аймагы үчүн жогорку технологиялык медициналык жардамды жеткиликтүү кыларын белгиледи. Мындан тышкары, чет өлкөгө дарыланууга кеткен бейтаптардын саны дагы азаярын айткан.
Россия Кыргызстанга трансплантация боюнча жардам берүүгө даяр экени айтылды