Аламүдүндөгү "Кызыл-Белес" тоо лыжа базасы мамлекетке кайтарылды

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы менчиктештирилип кеткен "Кызыл-Белес" тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылганын УКМК билдирди.
Маалыматта буга чейин Аламүдүн районунун мамлекеттик мүлктү башкаруу жана жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери жалпы аянты 10 гектар болгон тоо лыжа базасы жана жайыт жерлери жеке менчикке өткөрүлүп, кийин үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталганы айтылат.
1 / 3

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы менчиктештирилип кеткен "Кызыл-Белес" тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылганын УКМК билдирди

2 / 3

Маалыматта буга чейин Аламүдүн районунун мамлекеттик мүлктү башкаруу жана жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери жалпы аянты 10 гектар болгон тоо лыжа базасы жана жайыт жерлери жеке менчикке өткөрүлүп, кийин үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталганы айтылат

3 / 3

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантып жатканын кошумчалады

"Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен 50 миллион сомдон ашуун турган жер тилкесин жана курулуштары бар объектини мамлекеттин балансына өткөрүп берди", — деп айтылат маалыматта.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантып жатканын кошумчалады.
Бишкектин четиндеги оорукананын имараты мамлекетке кайтарылды