Эркин Мамбеталиевдин 5,7 млн. долларлык мүлкү мамлекетке өттү

Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Эркин Мамбеталиевдин 5,7 миллион долларлык мүлкү мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат алынган мүлктөр кылмыш жолу менен табылганын белгиледи.
1 / 3

Эркин Мамбеталиевдин 5,7 миллион долларлык мүлкү мамлекетке өттү

2 / 3

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти

3 / 3

Атайын кызмат алынган мүлктөр кылмыш жолу менен табылганын белгиледи

"Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жайгашкан "Эдельвейс" эс алуу борбору, Бишкек шаарындагы үч жана эки бөлмөлүү эки батир, Lexus LX 570 жана Dodge RAM үлгүсүндөгү эки унаа, үч гидроцикл, үч квадроцикл жана боз үй мамлекеттин балансына өттү", — деп айтылат маалыматта.
Алардын жалпы наркы 5,7 миллион доллар же 489 миллион 886 миң сомго бааланары кошумчаланган.
Атамбаевдин мурдагы жан сакчысына карата кылмыш иши козголушу мүмкүн