Жапаров: куралдуу жаңжалдар жакырчылыкты жана теңсиздикти күчөтүүдө

Президент кебинде дүйнөдө болуп жаткан теңсиздик боюнча көйгөйдү көтөрүп, көңүл бурууга чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Куралдуу жаңжалдар жакырчылыкты жана теңсиздикти ого бетер күчөтүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Мамлекет башчы белгилегендей, согушка, кыйроого жана адам өлтүрүүгө кетип жаткан каражатты жаратмандыкка коротсо болор эле.

"Стокгольмдогу Эл аралык тынчтык изилдөөлөр институтунун маалыматы боюнча, 2023-жылы дүйнөлүк аскердик чыгымдар 6,8 пайызга өсүп, рекорддук деңгээлге — 2,5 триллион долларга жеткен же глобалдык ички дүң өндүрүшүнүн 2,3 пайызын түзөт. Бул — акыркы ондогон жылдардагы эң жогорку сумма. Алдыңкы державалар ири каражаттарды куралдуу күчтөрдү түзүүгө жана өнүктүрүүгө, арсеналдарды кеңейтүүгө жана жаңы, кыйратуучу куралдын түрлөрүн иштеп чыгууга жумшап жатышат", — деди Жапаров.

Өлкө башчы бул көпчүлүк жөнөкөй эле таза суу, медициналык жардам жана билим ала албай жаткан учурдагы жагдай экенин белгиледи.
"Биз согушка, кыйроого жана киши өлтүрүүгө кетип жаткан акчаларды жаратмандыкка же бүткүл адамзат үчүн глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багыттап, мамлекеттерге климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө, глобалдык миграцияны алдын алууга жардам берүү үчүн колдонсок жакшы болмок. Аскердик чыгымдар жана куралдуу чыр-чатактар көптөгөн мамлекеттерге кыйратуучу таасирин тийгизип, жакырчылыкты жана теңсиздикти ого бетер күчөтүп жатат", — деди президент.
Ошондой эле ал куралдуу жаңжалдар жакырчылык, миграция, теңсиздикти шарттап жатканын кошумчалаган.
Садыр Жапаров БУУнун трибунасынан "Асман" шаары тууралуу айтып берди