Кыргызстан БУУга Эл аралык ак илбирс күнүн белгилөөнү сунуштады

Мамлекет башчы Кыргызстан ак илбирсти коргоо боюнча активдүү иш алып барып жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстан БУУнун Башкы ассамблеясына "Эл аралык ак илбирс күнүн жарыялоо жөнүндө" резолюция киргизди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров айтты.
Ал өлкө ак илбирсти коргоо боюнча активдүү иш алып барып жатканын белгилеген.
"2023-жылдын декабрь айында ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу катары таанылган. Биз 11 өлкө менен биргеликте бул уникалдуу жаныбарды коргоо багытында иштеп жатабыз. Ушуга байланыштуу мен БУУнун Башкы ассамблеясына "Эл аралык ак илбирс күнүн жарыялоо жөнүндө" резолюция киргизүү жөнүндө билдирүүгө сыймыктанам жана бардык мамлекеттерди бул демилгени колдоого чакырам", — деген өлкө башчы.
Ошондой эле ажо Кыргызстан тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча программанын башында туруп, бул багытта бирге иш алып барууга дүйнө коомчулугун чакырып келгенин билдирген. Анын айтымында, тоолуу аймактардын тургундары күнүмдүк кездешкен кыйынчылыктарда жалгыз калбашы керек.
Садыр Жапаров Нью-Йорктогу Келечек саммитинде сүйлөдү