Ажылык сапарга каттоо 7-октябрда башталат

Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Ажылыкка барууну каалагандарды каттоо 7-октябрда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, талапкерлер жандуу жана электрондук кезекке ID-картанын негизинде тура алат.
"Талапкерлер баштапкы 2000 доллар жана кайтарымсыз 1200 сомду РСК банкына төлөп, каалаган аймактык операторлорго КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга квитанциясын жана электрондук каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Баштапкы төлөм төлөнбөсө электрондук базага каттала алышпайт", — деп айтылат маалыматта.
Сауд Арабия Падышалыгынын (САП) Ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык зыярат үчүн Кыргызстанга 6 000 квота бөлгөн.
"Түшүнбөгөн суроо болсо чалыңыз". Муфтият call-борбор ачты