Кыргызстандык абитуриенттер үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлдү. Видео

Кыргызстанда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү евразиялык билим берүүнүн VIII эл аралык көргөзмөсү башталды.
Sputnik
Иш-чара 25-сентябрдан тарта Бишкек, Токмок, Кара-Балта жана Каракол шаарларында өтүп, ноябрда Кыргызстандын түштүгүнө сапар тартат. Өлкөнүн мектеп окуучулары Россиянын алдыңкы университеттери менен тааныша алышат.
Евразия кызматташтык уюмунун долбоорлор боюнча жетекчиси Дмитрий Данилов көргөзмөгө келген университеттердин географиясы тынымсыз кеңейип жатканын билдирди.
"Сибирь, Урал, Борбордук Россия жана Ырааккы Чыгыш бар. Демек, ар бир абитуриент өзүнө керектүү билим берүү багыттарын гана эмес, өзүнө ыңгайлуу шаарды да таба алат", — деди Данилов.
Ал белгилегендей, кыргызстандык абитуриенттер маанилүү артыкчылыкка ээ.
"Кыргызстандын абитуриенттери россиялыктар менен бирдей шартта РФ ЖОЖдоруна тапшыра алышат. Кыргызстандын окуучулары орус тилин жакшы билишет. Алардын бул артыкчылыгы Россияда билим алуусун натыйжалуу кылат", — деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Тема боюнча:
Бишкекте Россия ЖОЖдорунун көргөзмөсү ачылды. Видео
Бишкекте россиялык “Кванториум” технопаркы балдарга мастер-класс өткөрдү. Видео