Курулуш компаниясынын директору элге 61 млн. сом зыян келтирген деп кармалды

Факт боюнча "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы курулуш компаниялардын биринин мурдагы негиздөөчүсү жана башкы директору кармалганын маалымдады.
Билдирмеге ылайык, жарандар компаниянын башкы директору Э.Ж. аттуу адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Ал компаниянын башка кызматкерлери менен өз ара сүйлөшүп, батир берүүнү убада кылып кардарларына 61 миллион сомдон ашык зыян келтирген.
ШИИББ аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык”) менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

“33 жаштагы Э.Ж. аттуу адам шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, – дешти милициядан.

Учурда тергөө уланууда.
УКМК: балдарды сатуу үчүн асыраган топтун мүчөлөрү кармалды